Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөсү, парламент депутаты Мелис Эшимканов бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди. Анын пикиринде, 21-мартта Алмаз Атамбаев менен президент Курманбек Бакиевдин жолугушуусунан эч бир майнап чыкпайт. Эшимканов азыркы бийликтин кадр саясатын сынга алып, “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронт 9-10-апрелде мөөнөтсүз митинг өткөрүүдөн баш тартпай тургандыгын белгиледи.(AJ)