ЖАЛАЛАБАТ. Партиянын облус борборундагы Пушкин көчөсүндө жайгашкан кеңсесинин маңдайындагы көрнөк тактайын кимдир бирөөлөр жулуп алууга аракет кылышкан. 21-марттын түнү менен бейшембинин таңында партиянын шаардык бөлүмүнүн төрагасына белгисиз адамдар бир нече ирет телефон чалышып, сыналгы менен үналгы аркылуу байкаштырып сүйлөөнү эскертишкен. Мындай маалымат 22-мартта “Ата мекен” партиясынын Жалалабат шаарындагы координатору Ильич Нарматовдон алынды. Анын боолгошунча телефон аркылуу коркутуп-үркүтүүлөр бийликке кошомат кылган адамдар тарабынан жасалышы ыктымал. Ильич Нарматов 2002-жылдары Боспиектеги кандуу калабага байланыштуу азыркы бийлик эл талабын аткарбаганын, Аксы окуясынын 5 жылдыгына тиешелүү иш чараларды көрсөткөн “Сентябрь” телеканалы аркылуу сынга алган. (YA).