Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча Пекиндеги алты тараптуу сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурады


Түндүк Кореянын элчиси Пекинден кетип жатып кабарчыларга эч нерсе айткан жок. Кытай алгачкы мүмкүнчүлүк болгон учурда эле тараптар кайра жолугушууну макулдашканын маалымдады. Ушул дүйшөмбүдө башталган сүйлөшүүлөр Түндүк Кореянын өкүлү кезинде АКШнын кысымы астында алардын Макаодогу банкта тоңдурулган 25 миллион доллары өкмөттүн эсебине түшмөйүнчө сүйлөшүүнү улантуудан баш тарткан соң токтоп олтурат. Ал 25 миллион долларды кайтаруу быйыл февралда жетишилген макулдашууда камтылган болчу. Түндүк Корея анда коопсуздук кепилдиктерин жана экономикалык жардам алган шартта өзөктүк прогрммасын токтотууга көнгөн эле.

XS
SM
MD
LG