Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган кыймылдын мүчөсү, депутат Иса Өмүркулов билдирди. Жыйында мындан сырткары кыймыл тарабынан президентке сунушталчу конституциянын долбоору да талкууга алынмакчы. Кыймылдын теңтөрагасы Алмаз Атамбаев эки күн мурда президентке «реформачылардын» талаптарын тапшырып чыккан. Кыймыл президентке негизинен коалициялык өкмөт түзүү, тез арада конституциялык реформа жүргүзүү сыяктуу талаптарды коюуда.(SM)