Иш-чара Бишкектин кичи райондорунда кечки саат жетиде өтөт. Каалагандар үйлөрүнүн жанынан же үйлөрүнөн чыкпай туруп, терезелеринен баш багып, балкондоруна чыгып катыша алат. Бул туурасында Азаттыкка “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” майдандын жаштар бөлүмүнүн жетекчиси Жалын Маматказиев билдирди. (EBM)