Кыргызстан укук коргоо кыймылынын базасында “Калыс” деген аталыштагы партия жакын арада түзүлөт. Анын мүчөлөрү коррупцияга аралашпаган, таза, адилет, калыс адамдардан турат. Партиянын негизги максаттары адам укугун жана эркиндигин коргоо, демократияны чыңдоо, жердешчиликке каршы туруу болуп эсептелет. Түзүлө турган партия бийликтин да, оппозициянын да кызыкчылыгын колдобойт. Бул тууралуу партияны уюштуруу демилгечиси Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди.Маалыматтарга караганда,Кыргызстанда токсондон ашуун саясий партия бар. (AJ)