Аталган коомдук бирикменин төрагасы Тимур Камчыбеков: “Биз мындан эки жыл мурун болуп өткөн авторитардык режимге каршы күрөштүн урматына жарандык парад өткөрүүнү бийликтерге сунуштасак, коомдук саясий кырдаалдын курчуп кетүүсүнөн коркушкан бийлик өкүлдөрү уруксат бербей жатышат. Бирок биз ыңкыялапчылардын суроосун канаттандыруу максатында майрамдык салтанат өткөрөбүз”,- деп билдирди. Ал ошондой эле ыңкылапчылар 2005-жылы март айында эл тарабынан бийликке коюлган талаптардын канчалык деңгээлде аткарылгандыгын да талкууга алышарын белгиледи. (KJ)