«Демократия жана атуулдук коом үчүн» бирикмесинин жетекчиси Эдил Байсалов президент К. Бакиев коалициялык өкмөт түзүүгө даярдыгын билдирди деп эсептейт. Эми ал дүйшөмбү күндөн кечикпей, оппозициянын сүйлөшүүгө даяр болуп турган өкүлдөрү менен коалициялык өкмөттү түзүү маселесин талкуулап башташы керек. Ал эми конституциялык реформаны, Эдил Байсаловдун оюнча, президент шашылбай кылдат ойлонуп ишке ашыруу керек деп айтты, буга эл кошулат. (KCh)