Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

14:30 Таластын Көпүрөбазар айылдык кеңешинин депутаттары нааразылык иш-чарасына чыгышты


Айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына боз үй тигилип, 200 чамалуу киши Талас райондук соттун Көпүрөбазар айыл өкмөтүнүн башчысы Мырзабек Алмүрөковду өз ордуна калтыруу тууралуу чыгарган чечимине нааразы экендигин билдиришүүдө. Алар сот чечимин жокко чыгарууну жана 1-апрелде аталган айыл өкмөттө шайлоо өткөрүлүүсүн талап кылып жатышат.
Көпүрөбазар айыл өкмөтүнүн башчысы Мырзабек АлмүрөковТалас облусунун губернатору Байымбет Мураталиевдин 30-январдагы буйругу менен иштен алынып, буга нааразы болгон Алмүрөков сотко кайрылган.

XS
SM
MD
LG