БАТКЕН. Облустук музыкалык драма театрында уюшулган майрамдык салтанатка 2005-жылы ыңкылап үчүн активдүү күрөшкөндөр, “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын жергиликтүү лидерлери, мүчөлөрү катышышты. Жыйында Баткен облустук акимчилигинен өкүлдөр, Баткен районунун акими жана Баткен шаар башчысы да куттуктоо сөздөрүн айтышты. Жыйында чыгып сүйлөгөндөрдүн арасында ыңкылап болгону менен Аскар Акаевдин кадрлары дале иштеп жатышканын айтып, коррупция токой электиги да баса белгиленди. Баш-аягы жүзгө чукул Баткен коомчулугу катышкан салтанат музыкалык драма театрдын таланттарынын кыска концерттик программасы менен аягына чыкты.(SA).