Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Дүйшөмбү күнү улуу инсан Искак Разаковду эскерүү кечеси өттү. Ага маркумдун замандаштары жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Эскерүү кеченин алкагында Искак Разаковдун өмүр жолун чагылдырган даректүү тасма көрсөтүлдү.

Шейшемби күнү Республикалык Манас жаштар ордосунда Нооруз майрамын тосуу салтанаты болду. “Улут ордо” коомдук уюмдар тилектештиги, “Бакдөөлөт” коомдук фонду, “Ак шумкар Кут” жаштар коомдук бирикмеси уюштурган бул салтанатта боз үй тигилип, мал союлду. Иш-чаранын алкагында конокторго майрамдык концерт тартууланды. Программада жаш өнөрпоздор элдик ырлардан ырдашып, күү чертишип, манас айтышты. Ошону менен бирге улуттук каада салттардын бири болгон кыз узатууну көрсөтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле кол күрөш, аркан тартыш, жоолук таштамай, ак чөлмөк жана башка ушул сыяктуу кыргыздын улуттук оюндары ойнолуп, сүмөлөк бышырылды. Түн ортосунда улуу от жагуу жөрөлгөсү аткарылып, аксакалдар санжыра, нуска сөздөрүнөн айтышып, жаштар ыр кесе уюштурушту.


Мына ушундай маанайдагы майрамдык салтанат Токмоктогу Чынгыз Айтматов атындагы Себат кыргыз түрк балдар лицейинде да болуп өттү. Себат билим берүү мекемеси уюштурган бул иш-чарага Түркиядан, Европадан өкүлдөр келишти. Салтанаттын алкагында лицейде окуган таланттуу балдар алыстан келген конокторго жана ата-энелерге майрамдык концерт тартуулашты. Ал эми лицейде билим алып жатышкан балдардын ата-энелери боз үй тигишип, улуттук даамдарды жасашып, ар кандай сынактарды уюштурушту.

21-мартта өлкөнүн баардык аймактарында Нооруз салтанаты белгиленди. Майрам оюн-зооктор, өнөрпоздордун концерти жана улуттук оюндар менен коштолду. Ал эми борбордук аянттагы салтанатка Курманбек Бакиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, өлкө башчысы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
Борбордук аянттагы майрам театралдаштырылган оюн-зооктор жана өнөрпоздордун концерти менен коштолду. Ал эми кечки саат жетиде Светлана Назаренко жетектеген эстрадалык топтун жана кыргыз ырчыларынын чоң программадагы концерти болду. Концерттин жүрүшүндө Светлана Назаренкого “Замандаш” асcоцациясы тарабынан “Жылдын мыкты жаңырыгы” деген номинация ыйгарылды. Ал эми шаар мэри Бишкек шаарынын символун чагылдырган төш белгилерди тапшырды. Кошумчалай кетсек буга чейин президенттин жарлыгы менен Назаренкого Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген наам ыйгарылып, аны ырчыга мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров тапшырды.

Нооруз майрамына карата Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде “Бактагы сыйкырдуу жолугушуу” деген эл аралык көргөзмө ачылды. Анда Австриядан, Германиядан Казакстандан келген сүрөтчүлөр түрдүү жанрдагы жана ар кандай темадагы сүрөттөрүн, айкелдери менен зергердик буюмдарын коюшту. Алардын арасында Казакстандын эл сүрөтчүсү Эркин Мергеновдун жараткан сүрөттөрү жана айкелдери бар. Ошондой эле жапониялык сүрөтчүлөрдүн калиграфия жанрындагы сүрөттөрү жана зергерлердин буюмдары көрсөтүлдү. Ал эми Кыргызстандан бул көргөзмөгө кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев жана Виктор Сырневдин эмгектери көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Иш-чаранын алкагында поэзия кечеси да өтүп, эл аралык деңгээлдеги модельерлер кийимдер топтомун көрсөтүштү. Бул иш-чара бүгүн жыйынтыкталат. Ал эми май айында Алматыда уланат.
XS
SM
MD
LG