Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

12:00 24-мартта Бириккен фронттун мүчөлөрүн милиция кармаган


“Келечеги кең Кыргызстан” үчүн бириккен фронтунун эки мүчөсүн кечээ Алатоо аянтында баракча таратып жүргөн жеринен милиция кызматкерлери кармап, эки-үч сааттан кийин гана кое беришкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бириккен фронттун маалымат катчысы Азамат Калман билдирди. Анын айтуусунда баракчаларда элди мыйзамсыз бир аракеттерге үндөгөн чакырык же кайрылуу жазылган эмес. Анда Бириккен фронт, анын ишмердиги, максаты тууралуу гана жазылып, буга чейин эле басма сөз жана интернет аркылуу таратылган болчу дейт маалымат катчысы.
24-мартта саат 13:02де Бириккен фронттун мүчөсү Азамат Жаңыбаевди Свердлов РИИБнүн кызматкерлери кармап, бир жарым сааттан ашык автобустун ичинде кармап отурушкан. Ошол эле убакта фронттун дагы бир активисти Сонунбү Бердикожоеваны баракча таратып жүргөн жеринен милиция кызматкерлери кармап, жакын жердеги паспорттук столго алпарып, аты-жөнүн тактаган соң, кое беришкен. Бирок милиция кызматкерлери кармагандыгынын себеби тууралуу токтом түзүшкөн эмес.

XS
SM
MD
LG