Баткен, Жалалабат жана Ош облустарынын мусулмандарынын атынан жазылган кайрылуу апта соңунда президент Курманбек Бакиевге жана президенттин түштүктөгү өкүлү, Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиевге жиберилди. Кайрылууга кол койгон 30 адам дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Тойгонбай Калматовдун жүргүзүп жаткан ишине нааразы экендигин билдиришкен. Кайрылууда Калматов муфтий Муратаалы Жумановду кызматтан кетирүүнүн ордуна, тескерисинче ага колдоо көрсөтүп жаткандыгы тууралуу жана ошондой эле уламалар кеңешине аялдарды тартууга аракеттенип жаткандыгы жөнүндө айтылган. Ошондой эле кайрылуу ээлери бийлик дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисин дайындоодо мусулмандар менен кеңешип дайындоосун өтүнүшкөн.
12:45 Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин ишмердүүлүгүнө нааразылыктар чыгууда