Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

15:50 Президент өз жарлыгы менен аялдарга парламенттен орун алып берсе деген сунуштар айтылууда


Мындай сунуш менен Кыргызстандагы бир нече коомдук уюмдардын өкүлдөрү мамлекет башчы Курманбек Бакиевге кайрылышты. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” айтканы боюнча бул жол менен аялдарды парламентке алып келүүгө мыйзам жол берет жана мындай ыкма дүйнөлүк практикада да колдонулат.

-Кыргызстандын Башмыйзамы боюнча Жогорку Кеңеште 90 депутат болууга тийиш, азыр 75 депутат бар болсо, калган он беш орунга мамлекет башчы өзүнүн президенттик укугунан пайдаланып, өз жарлыгы менен аялдарды алып келсе деп сунуш кылдык, - дейт Азиза Абдурасулова.

Анын айтуусунда сунуш менен кошо жарандык коомдун, саясий партиялардын, жаштардын, билимдүү аялдардын өкүлдөрүнөн турган тизме да берилген. Тизмедеги талапкерлердин арасында Роза Отунбаева, Асия Сасыкбаева, Галина Куликова, Гайша Ибрагимова жана башка белгилүү аялдар бар.
Бирок кээ бир саясатчылар мындай сунуш демократиянын принциптерине каршы келерин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG