Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

16:30 Саясий ачкачылык жана мөөнөтсүз митингдер тууралуу жергиликтүү бийлик ээлерине маалымдоо бериле баштады


“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиевдин колу коюлган маалымдоолор дүйшөмбү күндөн тарта Талас, Ысыккөл, Жалалабат, Ош жана башка облус жетекчилерине, аймактык ички иштер органдарына бериле баштайт. Маалымдоодо саясий ачкачылык мезгилинде атайын бозүйлөр менен чатырлардын тигилери, ал эми мөөнөтсүз митингге көп сандагы адамдардын келери тууралуу айтылып, ички иштер органдарынан тартипти жана коопсуздукту камсыздап берүү өтүнүлгөн. Мындай маалымдоолор өтүп бараткан жумада Бишкек шаарынын мэрине, Чүй облусунун жетекчилигине берилген. Бул тууралуу бириккен фронттун маалымат кызматы билдирди.
“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронту жер-жерлерде 5-апрелден тарта саясий ачкачылык, 9-апрелден тарта мөөнөтсүз митингдерди баштоону көздөөдө.

XS
SM
MD
LG