Анда фронттун лидери Феликс Кулов сөз сүйлөп, өлкөдөгу реформалар, күтүлүп жаткан саясий акцияларга токтолду. Кулов фронт мыйзамдуулукту сактаарын, бирок чагымчылар болсо, аларды эскертерин билдирди. Реформа маселесине токтолгон фронттун лидери азыркы бийлик жарым чаралар менен реформаларды жокко чыгарууну көздөп жатат, деп белгиледи. (AiT)