Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:45

18:14 Ош шаарында түндө автокырсыктан 20 жаштагы 3 студент кыз каза болду


Түнкү бирлер чамасында Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү “Келечек плаза” соода борборунун жанында чыгышты көздөп бара жаткан “Тико” автоунаасын чегара кызматына таандык “Конши” автоунаасы сүзүп кетип, анын кесепетинен “Тико” автоунаасында бара жаткан үч жүргүнчү кыз окуя болгон жерде каза болду. Ал эми ошол эле күнү эртең менен “Конши” автоунаасынын айдоочусу, чегара кызматынын прапорщиги Марат Айтбаевдин шаардын чоң көпүрөсүнүн алдында асылган денеси табылган. Бул тууралуу билдирген Ош шаардык ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Замирбек Сыдыков аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иш учурда аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилгендигин маалымдады.(KJ).

XS
SM
MD
LG