26-мартта Нарын шаарынын коомчулугунун суроосу менен облус губернатору Жыргалбек Азылов эл менен жолугушту. Жолугушууга “Ата мекен”, “Асаба”, “Коммунисттер”, “Ар намыс”, “Жаштардын либерал прогрессивдүү” партиясы баштаган бир катар партиялардын, бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Басымдуу бөлүгүн жаштар түздү. Азылов 2007-жылга облустун приоритеттүү багытын, "Жаңы багыт" жаштар программасы, "Жетимтоо" темир кени, Атбашыга курулуучу терминал, Бишкек-Торугарт жолун, Нарын шаарынын ички жолун оңдоо боюнча суроолорго жооп берди. Аталган маселе боюнча бийликтеги, саясаттагы, бизнестеги чоң орду бар адамдардын кызыкчылыгы бар экенин айтып, аларды чечүүгө жарандык коомду жардамга чакырды. Жолугушууда өлкөбүздө акыркы учурларда саясатта болуп жаткан билдирүүлөр, өзгөрүүлөр боюнча дээрлик сөз болгон жок. (JI).
18:19 Нарындын губернатору коомчулук менен жолугушуп, айрым маселелер боюнча чогуу иштөөгө чакырды