Жалалабаттагы техникалык окуу жайдын жамааты президент менен өкмөт башчыга кайрылуу жиберди. Анда окуу жайдын имаратын шаардагы ички иштер бөлүмүнө алып берүү аракеттери болуп жатканы айтылган. Ички иштер башкармасына 1996-жылы окуу жайдын 720 орундуу окуу кеңселери, 441 орундуу жатаканасы өткөрүлүп берилген. Бирок, облустук МАИ кызматы ээлеген имараттын 3-4 кабаты бош турат, шаардык ички иштер бөлүмүн ошол жерге көчүрсө болмок. Мындай маалымат 26-мартта окуу жайдын директору Калия Жаанбаевадан алынды. Ички иштер башкармасынын жообуна караганда, МАИде бош имарат жок. Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери учурда үч жерде бөлүнүп иштөөдө. Бөлүмдүн имараты 2005-жылкы ыңкылап маалында өрттөлүп кеткен. (YA)