Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

ЭКИ ӨКМӨТ – БИР БЮДЖЕТ


26-мартта парламенттин бюджет жана каржы комитетинин кенен жыйынында 2007-жылдын экинчи окулуштагы бюджет долбоору талкууланды. Бүгүн бюджет долбоорундагы контролдук сандар тийиштүү комитет жетекчилери менен дагы бир ирет такталып, шаршембиде палатага сунушталат. Бейшембиде депутаттар бюджетти экинчи окуудан өткөрүшмөкчү. Өлкөнүн негизги экономикалык документинин чыгаша бөлүгү парламентте кызуу талкууга алынары турулуу иш.

Өкмөттүн жаңы жылга жуук кызматын таштап кетиши 2007 - жылдын бюджетинин кабыл алынышын төрт айга жакын кечеңдетти. Буга кошумча бул жылдын бюджети эки баскычтуу, ортодогу район, облусу жок, республикалык жана жергиликтүү айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде кабыл алынууда. Анын өзгөчөлүгүн Кыргызстандын каржы министри Акылбек Жапаров мындайча мүнөздөйт.

- 2005-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгү 19 миллиард сом болсо, 2007-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү 34 миллиард 900 миллион сом. 35 миллиард сом. Эки жылдын ичинде 15 миллиард сом кошулду. Бирок ошого карабастан, көйгөйлүү маселелер арбын. Биринчи жолу эки тепкичтүү бюджетке өтүп, ар бир атуулга чейин республикалык бюджет кантип бөлүштүрүлүп атканын териштирип жатабыз. Ар бир айыл өкмөтү эске алынууда. Эки тепкичтүү бюджет административдик-территориялык реформага гана түрткү бербестен, социалдык реформаларга да шарт түзүп берүүдө.

Жергиликтүү өкмөт менен борбордук бийликтин ортосунда асылып турган облус менен райондордун кимиси жоюлары азырынча белгисиз. Бирок да артыкбаш делген башкаруу түзүмдөрүн каржылап турууну өлкөнүн бюджети да көтөрө албай турган чагы. Парламенттин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибековдун айтуусунда, аймактык-территориялык өзгөрүүнүн зарылдыгы эки баскычтуу бюджет кабыл алынгандан кийин ачыкка чыгып калды.

- Кайсы областтык түзүмдү эч кыйналбай-этпей эле кыскартып салса боолрун биз тактадык. Кутулушту мыйзам негизинде караш керек экен. Облусту жое албайбыз. Административдик-территориялык өзгөртүү кылмайын облус дегенди жое албайбыз.

Жалалабад облус губернатору Искендер Айдаралиев ортодогу артыкбаш түзүмдөрдү жоюу артынан биртоп проблемаларды ээрчите чыгат деген пикирде.

- Мына биз айлык маянадан эле 19 миллион сом карызбыз. Мунун баары 1995-жылдан берки карыздар. Бул суу, электр жарыгы, телефон жана да башка чыгымдар.

Жыл сайын бюджет долбоору парламентте кызуу талкуудан өтүп, республикадагы айыл-шаарлардын маанилүү делген экономикалык-социалдык көйгөйлөрү: бүтпөй аткан жол, аягына чыкпаган чоңарык, ашар менен салынып, каржынын жоктугунан курулушу токтоп калган мектеп, отурчу имаратынын жоктугунан айылдык чайканага жайгашкан айыл өкмөтүнүн кеңсеси, кыйшайган көпүрө, жетпей жаткан электр жарыгы, деги койчу, толгон-токой проблемалар айтылып, алардын кыйласы аткарылбай эле калат.

Бул жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү 35 миллиард сомго бираз жетпеген акчаны түзөт. Мыйзамда көрсөтүлгөн каржынын бир канчасы мамлекеттик маанилүү делген башка иштерге чыгышталып, жаңы мыйзамдын сыясы кургай электе өкмөт ага өзгөртүү киргизүү сунушу менен парламентке келе баштайт. Экономикалык ыкчам өнүгүү тилкесине түшө элек Кыргызстанда табылган кирешелердин дээрлик баары социалдык тармакты кармоого, айлык акыга, коммуналдык төлөмдөргө жумшалып, реалдуу экономиканын кызыкчылыгын ойлогон киши аз болууда.

XS
SM
MD
LG