Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Москвада президент Путинди колдогон жаштардын митинги өттү


Кремлди колдогон “Наши”, же кыргызча “биздикилер” жаштар кыймылынын он беш миңден ашуун мүчөсү Путиндин президенттикке шайланышынын жети жылдыгына арналган митинг өткөрүштү. Митингдин катышуучулары Орусиянын желегин желбиретип, “Орусия!” деп кыйкырып жатышты. Алар Москва тургундарына президентке чөнтөк телефон аркылуу кыска кат же SMS жөнөтүүнү сунуштап жатышты. Митинг маалында Москванын бир нече көчөсү буулуп, автоунаалардын жүрүшү кыйындады. Орус бийликтери транспорт кыймылына тоскоол болот деп көпчүлүк учурда оппозиция митингдерин өткөрүүгө макулдугун бербей келет.

Жаннат Токтосунова, Прага

XS
SM
MD
LG