Иран БУУнун коопсуздук кеңеши кабыл алган катаал санкциялардан улам өзөктүк программасын токтотпойт, - деп билдирди президент Махмуд Ахмадинежад. Иран санкциялардын киргизилишине ким макул, ким каршы болгонун эске алып, өзүнүн тышкы саясатын кайрадан карап чыгат. Иран өкмөтү Коопсуздук кеңешинин соңку резолюциясына жооп катары Улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги менен кызматташуусун чектөө тууралуу чечимин жарыялады.