Жума күнү Ирандын кайгуул кемеси Британиялык 15 деңиз аскерин камакка алганы эч негизсиз жана туура эмес болгон, - деди британ премьери Берлинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Анын алдында Ирандын тышкы иштер министрлиги Британиянын Тегерандагы элчисине британ аскерлери Ирандын аймагына суу үстүндө мыйзамсыз өтүп кеткенине байланыштуу “каршылыгын” билдирген.