Бул тууралуу кыймылдын мүчөсү депутат Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, талапкерлер бейшемби күнгө такталып, президентке берилмекчи. Азырынча премьер-министрликке жана өкмөт мүчөлүгүнө, конституциянын долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топко кыймылдын атынан кимдердин катышаары боюнча сөз болуп, ар кимдердин аттары аталды. Бирок акыркы чечим бейшемби күнү кабыл алынат, деп белгиледи Бекназаров. (AiT)
16:15 “Реформа үчүн” кыймыл коалициялык өкмөткө жана конституциянын долбоорун жазуучу жумушчу топко талапкерлерди талкуулады