Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

17:12 Жалалабаттык аялдар “дивизиясы” Ф. Куловду кепке келүүгө, эпке келүүгө чакырат


Жалалабат облустук аялдар кеңеши Бириккен фронттун башчысы Ф.Куловго кайрылуу кабыл алышты. Облустагы 400 миң аялдын атынан жазылган кайрылуу экс-премьерди эске келүүгө чакырды. Кайрылууда Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка бекитпей койгону үчүн Ф.Кулов президентке таарынбашы керектиги, оппозиция менен депутаттар ойлоно электе Акаевдик абакта жаткан Ф.Куловду бошотууну 2005-жылдын 15-мартында Жалалабатта өткөн курултайда Курманбек Бакиев сунуш кылгандыгы айтылат. “Сиз түзгөн Бириккен фронт энелер менен балдардын канын төгүүгө алып келет. Бул жолу жалаң аялдар салгылашабыз. Мурда бизди аялдар батальону деп айтып келишсе, эми биз көпбүз, бүтүндөй дивизияга жетип калдык. Кыргызстандын бөлөк облустарындагы аялдар да бизди колдойт деп ойлойбуз. Өзүбүз жасаган ыңкылапты өзүбүз коргоп калабыз!» - деп эскертилет кайрылууда.(YA)

XS
SM
MD
LG