Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

17:56 Нарындык жаштарды Бириккен фронтко каршы тукуруу аракети ордунан чыкпай калды


Нарын шаарында азыркы саясий кырдаалга байланыштуу жаштар катышкан тегерек стол жыйыны болду. Тегерек столду Билим жана илим министрлигинин жаштар департaменти уюштурган. Аталган департамент эртелеп эле бул тегерек стол боюнча резолюция даярдап койгон экен. Анда "11-апрелдеги Бириккен фронттун митингисине каршыбыз", "саясий спекулянттардын колуна курал болуп калбагыла", "Бириккен фронттун “Кинжал” аттуу жаштар кыймылынын радикалдуу билдирүүлөрүнө каршыбыз", "ар кандай митинг, массалык жүрүштөргө убактылуу мораторий киргизүүнү талап кылабыз,” деген сөздөр жазылган эле. Бирок катышуучулар мындай таңууланган резолюцияга каршы чыгышып, протокол менен гана чектелишти. Иш чарага катышкандар Бириккен фронттун чукул президенттик шайлоо өткөрүүдөн башка талаптарын колдой тургандыктарын билдиришти.(JI).

XS
SM
MD
LG