Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

18:45 Бүгүн коргоо министри Исмаил Исаковдун Азербайджанга расмий сапары башталды


Исмаил Исаков Азербайджандын коргоо министри Сафар Абиев менен жолугушту. Анда эки өлкө ортосундагы аскер кызматташтыгын жакшыртуу, кыргызстандыктарды ал өлкөнүн аскер окуу жайларында билим алууга жиберүү тууралуу сөз болду. Ошондой эле Азербайджандын аскер кызматкерлеринин Ысыккөлдөгү “Тамга” санаторийинде эс алуусун уюштуруу талкууланды. Ушул эле күнү Исаков Азербайджан президенти Ильхам Алиев жана премьер-министр Артур Раси Заде менен жолугушту.
28-мартта Кыргызстандан барган делегация Азербайджандын аскер окуу жайларында болуп, курсанттардын жашоосу менен таанышат.Ошондой эле Г.Алиев атындагы аскер окуу жайында билим алган кыргызстандыктар менен көрүшөт. Ушул тапта бул окуу жайда 18 кыргызстандык билим алууда. (AiJu)

XS
SM
MD
LG