Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

БОРБОР АЗИЯДА АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ НАЧАР БОЙДОН КАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Баш кеңсеси Лондон шаарында жайгашкан "Эмнисти интернэшнл" уюму 26-март күнү Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалы жөнүндөгү кезектеги отчетун жарыялады.

Отчетто келтирилген маалыматтар 2006-жылдын январынан тартып үстүбүздөгү жылдын март айына чейинки мезгилди камтыйт. Жалпысынан алганда, бир дагы Борбор Азиялык жумуриятта адам укуктары толук корголбойт, бирок Өзбекстан менен Түркмөнстандагы абал өзгөчө начар. Эң кеңири тараган мыйзам бузуулар - адамдарды себепсиз кармоо, аларды абактарда кыйноо жана жетишсиз далил менен соттоо.

Уюмдун эксперти Анна Сандер-Плассмандын айтымында, андай аракеттерди көпчүлүк өкмөттөр эл аралык террор менен диний экстремизмге каршы күрөш менен түшүндүрөт: "Борбор Азия жумурияттарынын өкмөттөрү террорго каршы согуш жана коопсуздукту камсыз кылуу шылтоосу менен өз бийлигин күчөтүүдө жана аларга жакпаган топторго каршы аракет көрүүдө. Алар баары адам укуктарын коргоо боюнча көптөгөн келишимге өз ыктыяры менен кол койгону менен, бул багыттагы абалды кескин жакшыртуу үчүн чечкиндүү чара көрүшпөйт", - дейт Сандер-Плассман.

Казакстанда 2006-жылдын январында Галимжан Жакиянов абактан бошотулганы менен, февралда башка оппозициялык саясатчы Алтынбек Сарсенбаев жардамчысы менен кошо атып өлтүрүлдү. Ал окуя үчүн күнөөлөнгөндөрдүн соту толук ачык болгон жок жана өлүм жазасына кесилген Ержан Утембаев мурда берген маалыматтарынан кийин баш тартты. Андан тышкары казак өкмөтү Кытай жана Өзбекстандын талабы менен көптөгөн адамды кармап берди.

Ошондой эле аракеттерге кошуна Кыргызстандын жетекчилиги да барды жана Бириккен Улуттардын өкүлдөрү жасаган талаптарга дагы Бишкек көңүл бурган жок. Андан тышкары Кыргызстандын абактарындагы абал адам чыдагыс болгондуктан, өлүм жазасына кесилгендер - мындай түрмөдө отургандан көрө өлгөн жакшы деп билдиришти.

Тажикстандын абактарындагы абал дагы өтө начар, 2005-жылы жүзгө жакын туткун өздөрүнүн күрө тамырларын кыркканга чейин барган, өкмөт болсо аларды төңкөрүш уюштурган деп былтыр май айында соттоду. Ошол эле май айында абакта Исламдык кайра жаралуу партиясынын өкүлү Садулло Маруфов белгисиз шартта каза болду.

Түркмөнстанда былтыр абакта ошондой эле белгисиз шартта "Азаттык" үналгысынын кабарчысы Огулсапар Мурадова кайтыш болду, көптөгөн башка адам жиндиканаларга жаткырылды. Декабрда президент Сапармурад Ниязов каза болгондон кийин болсо, парламент спикери Овезгелди Атаев күтүүсүздөн кармалып-соттолуп, беш жылга кесилди. Ага каршы көрүлгөн аракеттер саясий себептен болгон деген шек бар.

Өзбекстандын Анжиян шаарында 2005-жылдын 13-майында болгон окуя 2006-жылы дагы толук тергелип чыккан жок, аны менен байланыштуу кармалгандар ар башка мөөнөткө соттолду. Кыргызстан, Казакстан же башка мамлекеттерге качкандарды болсо Ташкен ар башка жолдор менен карматып, же туугандарына басым жасап, алардын көбүн кайтарып алууга жетишти. Окуя жөнүндө чындык айтууга аракеттенгендер ар башка күнөө менен соттолуп, ар башка мөөнөттөргө кесилди.

Журналисттер менен өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрү жана адам укуктарын коргоочулар Өзбекстан менен Түркмөнстанда былтыр өзгөчө катуу куугунтукка алынды.

XS
SM
MD
LG