Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:07

«ИТКЕ ТЕМИРДИН КЕРЕГИ НЕ?» БОЛДУКПУ?


«Дело №…» гезити КМШ өлкөлөрүнүн арасында жападан жалгыз, ал эми дүйнө жүзү боюнча 5 завод болсо, ошонун бири болгон «Кристалл» заводу коңшу өлкөгө болор-болбос акчага, тагыраак айтканда 100 миллион доллардын ордуна 2 миллион долларга сатылып кете бергенин, Кыргызстанда акыркы убакта буга теңдеш афера болбогондугун, эл башкарган жетекчилерде атуулдук сезим, Ата Мекен, Эл-Жер дегенден аруу сезимден эч нерсе калбагандыгын, алар пул үчүн кул болууга да даяр турган адамдар экендигин жазды. Окурмандарыбыздын эсине сала кетели, бүгүн дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөр атом электр энергиясы менен атаандаша турган, бир жагынан экологиялык жактан таза, бир жагынан коопсуз Күн энергиясына кадам жасап жатканын айтышууда. Дал ушул күн энергиясынын негизги сыресу Кыргызстан сатып жиберген «Кристалл» заводу чыгаруучу поликреминий болуп эсептелет. Адистер ушу тапта дүйнөдө поликреминийге болгон таңсык ушунчалык өскөнүн, поликреминий өндүрүшүнө жумшаган 1 доллар эртең 100 доллар болуп кайтып келерин белгилеп жатышат.

«Энесай» гезити президент К.Бакиевдин жана аны колдогондордун дарегине Ф.Кулов менен анын илгертен берки өнөктөшү жана жардамчысы Ө.Суваналиев, депутаттар Ө.Текебаев менен М.Эшимкановдун массалык маалымат каражаттары аркылуу тараткан билдирүүлөрү жалаң талап кылып кекетүү жана коркутууларга толгон деп жазды.

«Слово Кыргызстана» гезити академик Турар Койчиевдин Кыргызстандын экономикалык жагдайына сереп салган макаласын жарыялады. Белгилүү экономист Кыргызстан үчүн Кытай эл республикасы менен Орусия түгөнгүс рынок экендигин, мына ушул эки улуу державалардын этегин кармап деле көп нерселерге жетсе болорун, тышкы карыздан кутулуунун жолун дал ушул Шанхай Кызматташтык Уюмунан издөө зарылдыгын белгилеген.

«Белый пароход» гезити орусиялык саясый технолог Виктор Карамацкийдин пикирине орун берди. Орусиялык мырза бүгүн Кыргызстандын мамлекет башчысына ар тараптан кысым жасалгансып сезилип жатканын, чындыгында эле ал түшкөн кеме адам суктанарлык абалда эмес экендигин, президент алдыдагы окуяларда күч колдоно албастыгын, себеби, «Манас» аэропортундагы авиабазага байланыштуу АКШ менен мамилеси анча болбой калгандыгын, бийликке келишине колдоо көрсөткөн Орусия менен түзүлгөн келишимдердин бири да аткарылбагандыгын, ошентип Бакиев эларалык колдоолордон да куржалак калгандыгын, демек, анын алдында бир гана жол же мөөнөтсүз шайлоого баруу же өз кабинетин «революциялык массанын» оозуна салып берип өзүн сактап калу… башка жол калбай калды деп айтты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG