Минсктин чет-жакасын кыдырып жүрүп Лукашенко журналисттерге ден-соолугу ойдогудай экенин айтып, мурдагы ыргактан тайбай иштеп жатканын маалымдады. Акыркы күндөрү мамлекеттик телеканалдарда Лукашенко мурдагыдан азырак чыгып калган. Ушундан улам эл арасында президенттин саламаттыгы начар абалда деген имиштер жүрө баштаган.