Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

БИШКЕКТЕ ИРАН КИНОЛОРУНУН ЖУМАЛЫГЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ


Бул жумалыкка карата Ирандан жаш кинорежиссерлор ассоциациясынын башчысы Насер Бакиде башында турган киноишмерлер келишти. Жумалыктын алкагында кино күйөрмандарына белгилүү иран кинорежиссерлору жараткан кыска метраждуу көркөм тасмалар көрсөтүлөт. Анын ичинде көпчүлүгү Нооруз майрамын чагылдырган фильмдер. Ошондой эле Иран өлкөсүн, маданиятын чагылдырган тасмалар да бар.

Ирандын жаш кинорежиссерлор ассоциациясынын башчысы Насер Бакиде иран кинематографиясы туурасында мындай деди.

-Иран кинорежиссерлору жылына эки жүзгө жакын толук метраждуу тасма жана эки миңден ашык кыска метраждуу тасмаларды жаратышат. Биз кино тартканда улуттук идеологияга басым жасайбыз. Көпчүлүк тасмаларыбыз элибиздин диний көз караштарына, үрп-адат, каада-салттарына, өткөн тарыхына арналган. Кыргыз кинокүйөрмандары биз алып келген тасмалардан кыргыз эли менен болгон көп окшоштуктарды байкай алышат. Андыктан көрөрмандар үчүн кызыктуу болот деп ойлойм.

Ирандан келген киноишмерлер “Кыргызфильм” киностудиясында да болушуп, бир катар кыргыз фильмдерин көрүштү. Насер Бакиде бул тасмаларга карата өз пикирин мындайча билдирди.

-Мен бул фильмдерди көрүп жатып кыргыз кинотармагы эки багытта өнүгүп жатканын байкадым. Башкача айтканда үйрөнчүк кинорежиссерлор тарткан фильмдер жана професионалдар тарткан тасмалар болуп бөлүнөөрү көрүнүп турат. Негизинен Кыргызстанда мыкты, таланттуу киноишмерлер бар экен. Бирок алар билимдерин дагы өркүндөтүш керек деп ойлойм.

Ал эми “Кыргызфильм” киностудиясынын жетекчиси Бакыт Карагуловдун билдиргенине караганда тартууланган фильмдердин ичинен бир катар тасмалар Иран киноишмерлеринин сынына толуп, жакшы баага татыган. Бүгүн Ирандан келген киноишмерлер Ош шаарында жолугушууларды өткөрүшөт. Андан кийин Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарына сапар алышат.

“Кыргыз кино концерндин” жетекчиси Замир Эралиевдин билдиргенине караганда кинотармагында кызматташуу боюнча Иран Ислам Республикасынын маданият институту менен келишим түзүлүүдө. Келишимдин алкагында кыргыз киноишмерлерин Иранда окутуу маселеси каралган. Ошондой биргелешип кино тартуу жана Иранда кыргыз кинолорунун жумалыгын өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG