Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:32

17:20 “Ата Мекен” партиясынын Базаркоргон райондук комитети конференция өткөрдү

ЖАЛАЛАБАД. Конференцияга катышкан партиянын 102 делегаты күн тартибине коюлган өлкөдөгү саясий-коомдук, социалдык-экономикалык кырдаал менен уюштуруу маселесин талкуулады. Анда жасалган баяндамага ылайык реформалар толук жүргүзүлбөй, өлкө туш-тараптан кризиске учурады. Мындай маалымат партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Асылбек Текебаевден алынды. Анын айтымында, конференция президент менен өкмөткө 5-апрелге чейин конституциялык реформа жасоо талабын койгон резолюция кабыл алды. Жыйындын талабы аткарылбай турган болсо, партиянын Базаркоргон райондук уюму бириккен фронт 11-апрелде баштай турган мөөнөтсүз митингге кошула турган болду. Уюмдун райондогу төрагалыгына Кадырмамат Турдиев жана райондогу айыл өкмөттөргө координаторлор шайланды.(YA)
XS
SM
MD
LG