Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

17:35 Кыргызстан менен Өзбекстандын бейөкмөт уюмдарынын байланышы үзүлүшү мүмкүн


БАТКЕН. Бул тууралуу “Эл аралык толерантуулук үчүн” коомдук корунун президенти Рая Кадырова 29-мартта “Азаттыкка” маалым кылды. Анын айтымында, Фергана өрөөнүндө орун алган бир катар бейөкмөт уюмдардын башын бириктирген “Тынчтык өрөөнү” кошунунда алгач 11 өзбек бейөкмөт уюму кирген болсо, учурда алардын экөөсү гана калып, калгандары кошундан чыгып кетишкен. Алардын көпчүлүгү өз ишин токтотушкан. “Биз массалык маалымат каражаттарына калган өзбек уюмдары тууралуу маалыматтарды, алардын аталыштарын айтууга да кооптонобуз”,- деп маалымдады Рая Кадырова. Ошондой эле “Эл аралык толерантуулук үчүн” коомдук корунун президенти Өзбекстанды полициялык мамлекет караты баалай турганын да айтты.(SA)

XS
SM
MD
LG