Бүгүн Жогорку Кеңеш Алмаз Атамбаевди премьер-министр кызматына бекитүүгө макулдук берүү маселесин күн тартибине киргизди. Бирок депутаттар жаңы премьерди бекитүүгө макулдук берүүдөн мурда президенттин эмне үчүн өкмөт башчысын алмаштырып жатканын, жаңы коалициялык өкмөт кандай болорун айтып берсин деп талап кылышууда. Мындай сунушту депутаттар Азимбек Бекназаров, Алмамбет Матубраимов, Өмүрбек Текебаев, Муратбек Мукашев киргизишти. Айрым депутаттар президенти күтпөй эле Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин кароону сунуштоодо. (AJ)