Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Британия БУУнун Коопсуздук кеңешин Ирандан 15 морякты токтоосуз бошотууга кийлигишүүнү суранды


Британ моряктары Иран тарапта өткөн жума күндөн бери кармалып олтурат. Коопсуздук кеңешинин учурдагы төрагасы – Түштүк Африканын элчисинин билдиргенине караганда, бул окуя боюнча Британия сунуш кылган билдирүүнүн долбоору бүгүн талкууланмакчы. Ал эми Иран бийлигинин жогорку даражалуу өкүлү Али Лариджани, Британиянын кысым көрсөтө берүүсү моряктарды бошотууну кайра создуктурушу мүмкүн экенин эскертти. Мунун алдында аталган окуя БУУнун башкатчысы Пан Ги Моон менен Иран тышкы иштер министри Манучекир Моттакинин жолугушуусунда талкууланган эле. Сүйлөшүүлөр Сауд Аравияда, Араб лигасынын саммити учурунда өттү. Британия моряктар Ирактын сууларынан, Иран болсо моряктар аларга караштуу суудан кармалган деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG