БАГДАД. Багдаддын шиилер жашаган чөлкөмүндө жан кечти террорчулардын жардырууларынан 80 киши курман болду, 150дөн ашык киши жаракат алды. Ошол эле күнү Багдаддан түндүгүрөөк жайгашкан Халис деген шаарчанын базарында болгон жардыруудан 50дөн ашык киши курман болду. Кечээки күн акыркы бир айдын ичинде Иракта болгон эң кандууу күн болуп калды.