Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

ЧЫГАРМАЧЫЛЫК МЕНЕН ӨНӨР КООМГО ЖАКЫНДАП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Дүйнөнүн ар башка мамлекетинде жашаган адамдар тарткан видеоклиптерди жарыляган YouTube интернет-сайты жакында өзүнүн эң мыкты клиптерин жарыялады. Айрым журналисттер аны "Видео Оскар" деп да атады.

2005-жылдын февралында ачылган YouTube деген интернет-сайт чындыгында видео-блогго окшош, ага ар бир адам өзү тарткан же башка видеону эркин салып кое алат. Эки жылдын ичинде бул сайт дүйнө жүзүнө кеңири тарагандыктан, атактуу Google компаниясы аны былтыр октябрда бир миллиард 650 миллион долларга сатып алды.

Мынчалык кымбат бааланган сайтты түзгөн үч америкалык жигит чыныгы ийгиликке жетти жана АКШнын атактуу "Тайм" деген журналы ал сайтты 2006-жылдын "эң мыкты жаңылыгы" деп атаган. Сайтка жарыяланган рекламадан анын түзүүчүлөрү айына болгону 15 миллион доллардай каражат табат, бирок аны ай сайын 130 миллиондон ашык адам ачып жаткандыктан, Google аны сатып алууну чечти. Айрым америкалык компаниялар болсо YouTube менен соттошуп, ал авторлук укуктарды бузган деген күнөө коюуда.

Жакында болсо YouTube өзүнүн биринчи мелдешин өткөрүп, сайтта жарыяланган 7 эң мыкты видеону атады. Мелдеш 19-мартта башталып, бир аптага уланды, ал убакыттын ичинде сайтты ачкандар 7 ар башка түргө бөлүнгөн видеолордун ичинен эң мыктыларды тандап, добуш берген жана 25-мартта мелдештин жыйынтыктары жарыяланды.

Эң чыгармачыл клип деп чикаголук OK Go деген топтун видеосу аталды - ырчылар өз ырын фитнес-залда машыгып-чуркап баратканда бийлеп-ырдаган. Эң шыктандыруучу видео деген сыйлыкты австралиялык Хуан Манн деген киши көчөдө басып бараткан адамдарды кучактаганын тартканы үчүн алды. Эң мыкты сериал деп Лос-Анжелес шаарынан чыккан эки комик тарткан клип аталды. Эң жакшы комедия деген сыйлыкты smosh деген дуэт тарткан видео алды. Эң сонун комментарий деп ысыкка арызданган жигиттин арманы жазылган видео аталды. Тарыхтагы эң мыкты видео деп киви чымчыгы жөнүндө тартылган мультфильм жарыяланды, ал эми эң жакшы ыр деп - Чикаго шаарынын тургуну Терра Наоми өзү жазып, өзү видеого тарткан клип аталды.

Наоми мурда көптөгөн ыр жазып, алар менен ар башка студияларга барган, бирок бир да жетекчиге жаккан эмес. Акырында түңүлгөндө, өзү тарткан видеону YouTube сайтына салып койгондо, аны дүйнө жүзү боюнча эки жарым миллион адам көргөн жана сайттын сыйлыгын алгандан кийин эми белгилүү "Айлэнд рекордс" деген фирма Наоми менен контракт түздү.

Эксперттердин пикиринде, калк арасында видеонун мынчалык тарап баратканы жана чыгармачыл адамдар өз ырларын же башка видеосун эл арасында таратыш үчүн кымбат студияларды ижарага алып, адис музыканттар менен кошо узак убакытка иштегендин ордуна өздөрү тарткан видеоклиптерди интернтеке салып коюп атакка жетип жатканы - заман өзгөргөнүн көрсөтөт. Алардын айтымында, интернеттин жардамы менен чыгармачылык жана өнөр эми социалдашуу жолуна түштү.
XS
SM
MD
LG