Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин бир нече мурдагы кызматкерлери маалымат жыйынында билдиришти. Филология илимдеринин доктору Амангелди Бекбалаев билим берүү тармагында, анын ичинде Улуттук университетте баш-аламандыктар болуп жаткандыгына токтолуп, мунун баарын жаап-жашырып жаткан бийликтин саясатына каршы экендигин билдирди. Ал эми профессор Махмуд Күчүков 2006-жылы билим берүү тармагында туура эмес жүргүзүлгөн реформанын натыйжасында 30 миң студент окуусунан, бир нече жүздөгөн окутуучулар ишинен ажырап калышты деп айтты
Мамлекеттик башкаруу системасы өзгөргөндө гана билим берүү системасы да өзгөрөт деп белгилеген профессорлор “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтуна кошулуу жолу гана калды деп билдиришти.
Мамлекеттик башкаруу системасы өзгөргөндө гана билим берүү системасы да өзгөрөт деп белгилеген профессорлор “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтуна кошулуу жолу гана калды деп билдиришти.