Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:57

11:25 Укук коргоочулар өлкө жетекчилигинен журналисттерди сабап кетүү боюнча ишти териштирүүнү жеке көзөмөлүнө алууну суранышууда


Бул тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмеси президентке, өкмөт башчысына жана Жогорку Кеңештин төрагасына жолдогон кайрылуусунда айтылат. “Интербилим” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева “Азаттыкка” билдиргендей, кайрылуу өлкөдө сөз эркинидигинин абалы начарлап баратканын, жарандык коом журналисттерге карата мындай мамилеге тынчсызданып атканын билдирүү максатында жолдонду. Укук коргоочулар бийлик өкүлдөрүнөн жуналисттерге коопсуздукту камсыз кылып берүүнү талап кылышууда.
16-мартта МТРКнын жуналисти Кайрат Биримкуловду, 27- мартан 28-мартка караган түнү НТС телеканалынын кызматкери Данияр Исановду сабап кетишкен.

XS
SM
MD
LG