Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Украина президенти Виктор Ющенко өлкөдөгү саясий кризисти партия лидерлери менен талкуулайт


Ющенко дүйшөмбүдө саясий партия-фракция жетекчилери менен жолугушуп, парламентти таркатуу боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Эгерде жолугушуулардан майнап чыкпаса, украин президенти парламентти таркатууга даяр экенин билдирди. Ал парламенттеги орусиячыл фракцияларды конституцияга каршы аракеттенүүдө деп айыптаган, ал ошондой эле бул топтор айрым президентти колдогон депутаттарды өз тарабына өтүүгө үндөгөнүн мыйзамсыз аракет деп баалаган. Ишемби күнү Киевде они миңдеген демонстранттар Ющенкону жана анын башкы атаандашы премьер-министр Януковичти колдогон эки башка митинг өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG