Бул тууралуу социалдык коргоо министри Өктөмкан Абдуллаева парламентте билдирди. Анын айтымына караганда, Кыргызстандагы 1850 айылдын 744ү бийик тоолуу, шарты катаал алыскы аймактардын тизмесине кирген. Аларга каралган жеңилдиктер мурдагы калыбында калат. Жеңилдиктерди көбөйтүү үчүн 87 айылдын каражатын азайтуу зарыл болот деп билдирди министр. Учурда парламент Бийик тоолуу шарты катаал алыскы аймактардагы элдүү конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндөгү токтом долбоорун талкуулап жатат. (BuS)