Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

12:00 «Реформа үчүн!» кыймылы коалициялык өкмөт түзүлөрүнө ишенбейт


Кыймылдын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин айтымында, кыймылдын мүчөлөрү жаңы өкмөт курамына сунушталган кызматтык орундардан баш тартышты. Себеби президент күч бийликтери менен пайда берүүчү тармактарды өзүнө калтырып койду. Мындай жагдайда коалициялык өкмөт түзүү жана реформа жүргүзүү жаатында чечкиндүү аракет көрүү мүмкүн эмес деп эсептейт депутат. Буга чейин «Реформа үчүн!» кыймылына мүчө депутаттар Өмүрбек Бабанов менен Осмонбек Артыкбаевге биринчи вице-премьер министрлик кызматтар сунуш кылынгандыгы жөнүндө маалымат тараган. Аталган депутаттар бул маалыматты тастыкташа элек. (BuS)

XS
SM
MD
LG