“Коалициялык өкмөт деген - бул чоң чырдын башталышы деген сөз. Себеби, Кыргызстанда 93 партия бар, алардын бардыгы тең расмий каттоодон өткөн. Өкмөттө 93 портфель табылабы?. Эгер табылбаса, бүгүн эки-үч оппозициялык кыймылдар көбөйүп жыйырма-отузга чыгып кетпейби портфель талашып”,- деген тынчсыздануусун билдирди бүгүн “Азаттыкка” “Эркин Кыргызстан” партиясынын лидери Жолдошбек Алиев. Анын айтымында, коалициялык эмес, элдик ишенимге кирген өкмөттү куроо тууралуу сөз болушу керек. (KCh)