Талас районуна караштуу Манас айылынын күн чыгыш жагында митингчилер 3 бозүй, бир вагон орнотушуп, “Жерүй”, “Андаш” кендерине каттаган автоунааларды өткөрбөй тосо башташты. Облустук ички иштер башкармалыгынын орунбасары Марс Жорунбеков кечээ күнү лидерлер менен сүйлөшкөнүбүздө жолду тоспойбуз деп айтышкан, булар мыйзамды бузуп жатышат деп “Азаттыкка” билдирди. Ал эми кендердин иштешине каршы лидердин бири Азимкан Жунушалиевдин айтымында, 7-марттан бери төрт жолу митинг болду, бийлик маселени чечкен жок. Эгер маселе мындан ары чечилбесе 9-апрелде нааразы тарап Бириккен фронтко кошулат. (UA)