Өлкө президенти Виктор Ющенко парламенттеги фракциялардын жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөрүүдө. Президенттин айтымында, эгер сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, ал парламентти таратып, эрте шайлоо жарыялайт. Өткөн ишембиде Украинада президент Ющенкону, ошондой эле орусиячыл премьер- министри Виктор Януковичти жактаган күчтөрдүн атаандаш демонстрациялары өттү. Мурдараак украин президенти парламентте көпчүлүктү түзгөн орусиячыл күчтөрдү Конституцияга каршы иштерди жасап жатканы үчүн айыптап, оппозициялык фракциядагы депуттардын алар тарапка өтүшү Баш мыйзамга каршы келерин белгилеген. Президенттин парламент таркатылары жөнүндөгү эскертүүсүнөн улам бүгүн дагы бир нече миң адам демонстрацияга чыкты.
Украинада демонстрациялар уланууда, президент саясий кризисти жөндөө боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт