Бейтааныш адамдардан токмок жегенин даттанып, “Сентябрь” телеканалынын оператору Талан Сопиев 3-апрелде Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылды. Анын арызын шаардык ички иштер бөлүмү кыйла убаракерчиликтен кийин кабыл алды. Бул тууралуу “Ата мекен” партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, 31-мартта Талант Сопиев көрмө тасмасы менен көрмө камерасынын бут койгучун тартып алып, өзүн уруп-соккон бир нече аялдар менен жигиттерди таап, аларга мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүндү. (YA)