Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:35

18:13 Кубатбек Байболов: Оппозиция жумушчу топ түзгөнгө караганда, даяр долбоорду сунуштоону натыйжалуу деп эсептейт


Конституциянын жаңы долбоорун жазган автордук топтун башчысы Кубатбек Байболовдун билдиргенине караганда, оппозиция жактаган долбоор президентке бир жума мурда жиберилген, бирок, президент ага карата оюн айта элек. Депутат президенттин укуктарын азайта турган реалдуу долбоор деп эсептеп, оппозиция буга байланыштуу принципиалдуу чегинүү жасабастыгын билдирди.
Жаңы дайындалган премьер министр Алмаз Атамбаев 5-апрелге чейин парламентке Конституциянын жаңы долбоору сунушталышы мүмкүн деп өткөн жумада парламентте билдирген болчу. Атамбаев ошондой эле ноябрь Конституциясынын негизинде декабрь Конституциясын эске алып даярдалган Конституцияны жактаарын кошумчалаган. Президент Курманбек Бакиев апта башында Конституциялык реформага байланыштуу жумушчу топ түзүүнү тездетүүнү администрация башчысына тапшырган. (BuS)

XS
SM
MD
LG