Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

18:16 Балыкчыда элдик кыймыл акимдин кызматтан кетишин талап кылууда


Балыкчыда шаар башчысын кызматынан бошотууну талап кылган жергиликтүү тургундар Ысыккөл облусунун губернатору менен жолукту. Шаар башчысы Талант Бекжановдун ишенимден кеткенин, таза сууга деп чогулган 650 миң сомдун дайынсыз жоголгонун айткан балыкчылыктар аны бул кызматка татыксыз деп белгилешти. Шаардык мэриянын алдына чогулган элден ушул өңдүү көйгөйлөрдү уккан облустун губернатору Кыдыкбек Исаев баштаган тиешелүү жетекчилер бул маселени кеңешип чечээрин билдирди. Ал эми элдик кыймылдын өкүлү Белек Касымовдун айтымында, Балыкчы шаар башчысын 11-апрелге чейин кызматтан алып, анын ордуна жергиликтүү депутаттардан дайындоо боюнча 5-апрелде элдик жыйын чечим чыгарат. (RB)

XS
SM
MD
LG