Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

БИШКЕКТЕ ФРАНКОФОНИЯ ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ


Жумалыктын алкагында кечээ 2-апрелде Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде француз сүрөтчүсү Эрик Гурландын жеке көргөзмөсү ачылды. Анда сүрөтчүнүн Бишкек шаарын, андагы имараттарды, көчөлөрүн, тарыхый эстеликтерди чагылдырган элүүгө жакын эмгектери коюлду.

Эрик Гурлан менен маектешкенибизде ал тарткан сүрөттөрүнүн өзгөчөлүктөрү туурасында мындай деди.

-Мен эмгектеримде эки доорду, советтик мезгилди жана азыркы учурду көрсөткүм келген. Сүрөт күйөрмандары бул көргөзмөдөн артка кылчайышып советтик учурдагы эстеликтерди жана ошону менен бирге жаңы коюлган айкелдерди көрө алышат. Менин сүрөттөрүмдө көбүнчө сары жана кызыл өңдөр басымдуулук кылат. Бул көөнө заман менен азыркы учурдун эриш-аркак байланышын көрсөтчү белги.

Француз сүрөтчүсү Эрик Гурлан ошондой эле буга чейин да Бишкекте балдарга арналган көргөзмөсүн уюштургандыгын кошумчалап, келечекте кыргыз сүрөтчүлөрү менен биргелешип иштешүүнү ниет кылып жаткандыгын белгиледи. Бул сүрөт көргөзмөсү менен катар бүгүн француз элинин улуттук даамын татытуу аземи өтөт. Бул иш-чараны Францияын Кыргызстандагы элчилиги, Канаданын консулдугу жана Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалык уюштурууда. Ал эми бүгүн Ала-Тоо кинотеатрында швейцариялык кинорежиссер Патрисиа Платнер тарткан “Назик түстөр” аттуу көркөм тасма көрсөтүлөт. Фильм туурасында аталган башкармалыктын адиси Айида Айдакеева мындай деди.

-Бул фильм 2001-жылы тартылган. Тасмада Швейцарияда жашаган чач тарач аялдын турмушу, үй-бүлөдөгү чыр-чатактары чагылдырылган. Негизинен кайсы элде, кайсы улутта болбосун баардык аялзатынын бири-бирине окшош жактары бар. Бул тасмада дагы кыргыз айымдарына тиешелүү жакындыктар кездешет. Андыктан көрүүчүлөр үчүн кызыктуу болот деп ойлойм.

Жумалыктын алкагында ошондой эле Франциядан келген рок тобунун концерти тартууланып, француз жазуучусу Малика Ферджук менен жолугушуу кечеси өтөт. Мындан сырткары театралдык конкурстар өтөт деп билдирди Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин маданий иштери боюнча өкүлү Шарлот Урбен.

-Биз жыл сайын бул маданий иш-чараны уюштурганда сөзсүз француз тилин билген студенттердин арасында театралдык конкурстарды өткөрөбүз. Анда катышуучулар француз авторлорунун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерден көрсөтүшөт. Атайын түзүлгөн комиссия алардын актерлук чеберчилигине жана француз тилин өздөштүргөнүнө карата баа беришет. Жыйынтыгында эки жеңүүчүгө Францияга эс алып келгенге жолдомо берилет.

Франкофония жумалыгы 7-апрелде жыйынтыкталат. Ал эми уюштуруучулардын ырасташынча мындай жумалык келерки жылы да улантылат.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG