Эки округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоо мөөнөтү кечээ аяктады. Натыйжада Кемин чөлкөмүнөн көрсөтүлгөн 15 талапкердин баары катталып, ал эми Отузадырдан көрсөтүлгөн 12 талапкердин 8и гана катталды. Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, калган төрт талапкер шайлоого катышуудан өз каалосу менен баш тарткандыгы тууралуу арыз бергендигине байланыштуу катталган жок. Бул эки округда парламенттик шайлоо 29-апрелге белгиленген.(SM)